Жээнбеков Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Автор -

Бүгүн, 11-июнда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары Шанхай Кызматташтык Уюмунун мамлекет башчыларынын Саммитине катышуу үчүн Кыргыз Республикасына Владимир Путиндин боло турган визити, ошондой эле эки жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү