Ысык-Көлдөгү кыз узатуу тоюнда 19 киши тамак-ашка ууланды

Автор -

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык ооруканасына 10-июнда тамак-ашка ууланган 19 киши кайрылды, алардын төртөө — балдар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, кайрылган бейтаптар кыз узатуу тоюна барышкан. Кайрылгандардын бирөө кайта жандандыруу бөлүмүнө жаткырылса, 11 киши Ак-Суу райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө. Жети киши амбулатордук дарыланууга чыгарылган.

Учурда кайрылгандардын бардыгы дарыгерлердин көзөмөлүндө жана керектүү дары-дармек менен камсыздалган.

[ads-quote-center cite=’деп айтылат маалыматта.’]»Райондук санитардык эпидемиологиялык борбору тарабынан тийиштүү текшерүүлөр жүрүп жатат. Тамак-аштан атайын анализдер алынды. Анын жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет» [/ads-quote-center]