Жай мезгилинде кайсы оорулар күч алат? — оорулардын алдын алууга пайдалуу кеӊеш

Автор -

Жай мезгили эс алуу үчүн идеалдуу болуп саналганы менен адамдын организми бул убакта эки эсе күч менен иштейт. Ошондон улам дал ушул сезондо бир топ оорулар күч аларын дарыгерлер айтып келишет. Алар кайсы оорулар жана кандай сактануу керек?

Бөйрөк оорусу

Жайкысын бөйрөк эки эсе күч менен иштейт. Буга адамдардын тынымсыз суюктук ичүүсү себеп болот. Нормадан ашык суюктук ичкен учурда бөйрөк адаттагыдай иштей албай, организмде суюктуктун калып калышына алып келет. Ошондон улам адамдын буту-колу шишийт.

Эмне кылуу керек? Бөйрөгү ооругандарга диетологдор адамдын салмагына жараша ар бир килограммына 30-60 мл суюктук ичүүнү сунушташат. Ошондо сиз 50 кг болсоӊуз — күнүнө 1,5 литр, 80 кг болсоӊуз — 2,5 литр суюктук ичүү керектелет. Мындан тышкары майлуу тамак-аш жана туздуу суюктуктардан баш тартуу зарыл.

Жүрөк оорулары

Күндүн ысышы кандын тез айлануусуна алып келет. Бул өз кезегинде жүрөктүн согушун тездетип, ага күч келтирет. Организмдеги суюктуктун азайышы канды коюулаштырып, анын курамындагы кычкылтектин азайышын шарттайт. Мында адамдын башы ооруп, дем алуусу начарлап, кан басымы көтөрүлүп кетет. Ошондон улам гипертония, инфаркт жана инсульт болуу коркунучу жогорулайт.

Эмне кылуу керек? Жай мезгилинде газдалган суу ичуу сунушталбайт. Канды керектүү микроэлементтер менен толуктап туруу учун кызылча, сабиз, алма, өрүк жана карагат ширелерин ичип туруу керек. Ашкабак, капуста, баклажан өсүмдүктөрүн тамакка кошуу менен жүрөктүн иштешин нормалдаштырууга болот.

Стресс

Адам тердеген учурда организмдеги керектүү заттар дагы чыгып кетет. Биринчи кезекте калий менен натрий тер менен кошо жоголот. Мындай көрүнүш организмге терс таасирин тийгизүү менен стресс гормонун бөлүп чыгарат. Организмдеги пайдалуу заттардын тер менен чыгып кетиши булчуӊдарды дагы жумшартып, алсыз кылат. Ошондон улам жайкы эс алууда жүрсө дагы өзүн чарчагандай сезип, маанайсыз жүргөн адамдарды көргөн чыгарсыз.

Эмне кылуу керек? Күндүн ысыгында ысык тамак жана ысык чай ичүүдөн алыс болуӊуз. Муну менен ансыз да тердеп жаткан денеге дагы маселе жаратасыз. Кандай гана тамак жебеӊиз, жылымык болушуна маани бериӊиз. Организмге суюктукту кайтаруу үчүн суу иче бербестен ага бир чай кашык бал аралаштырып койсоӊуз алда канча пайдалуу болот. Мындан тыкары кургатылган жемитерден шире жасап ичкениӊиз туура.

Ангина

Ангина оорусу күз жана кыш мезгилинде пайда болот деп айтылганы менен практика жүзүндө жайкы мезгилде көп кездешкен оору болуп саналат. Жайкысын бул оорунун пайда болушуна муздак суусундук ичип, балмуздак жеп, кондиционердин жанында туруу же муздак сууга тушуу себеп болот. Оору капысынан башталып, тамак кычышып эч нерсе жуткузбай ооруйт. Мындан тышкары муздак нерселерди ичип-жеш тамактагы кулкундун былжыр кабыкчасынын сезгенишине алып келип фарингит оорусун пайда кылат.

Эмне кылуу керек? Албетте, суусап турсаныз да муздак нерсе ичип-жегенден алыс болуӊуз. Өзгөчө муздак бал муздак жегенден кийин ысык тамак жеп же тескерисинче, ысык нерседен кийин муздак жебегенге аракет кылыӊыз. Ангина жана фарингит жугуштуу болгондуктан ооруп калган адамдын идиштерин жана буюмдарын колдонбоӊуз.

Нерв системасы

Жайкысын кыжырданган жана иштегиси келбеген адамдарды көп кездештирүүгө болот. Анткени температура жогорулаган учурда нерв системасынын функциясы үчүн жооп берген магнийдин жетишсиздиги келип чыгат. Ошондон улам адамдын ой жүгүртүүсү, эс тутуму начарлап, тез чарчап, уйкуга зар болуп калат.

Эмне кылуу керек? Сөзсүз түрдө курамында магнийди камтыган азыктарды колдонуу керек. Аларга: кара нан, гречка, шпинат, грек жаӊгагы, төө буурчак, күн карама жана башкалар кирет.

Тери оорулары

Күнгө күйүп калган учурда нурдун таасиринен улам тери алдындагы липид майларынын кычкылдануусу журуп, Е витамининин азайышына жеткирет. Мындан улам клеткалар жабыркап, тери бузулат. Териде тактар, чакалай, сепкил же жаранын пайда болушу байкалат. Тери бошоп жана жукарып, бырыштар түшүп, картаюу процесси тездейт. Мындан тышкары ашыкча күнгө күйүү иммундук системаны алсыз кылат. Коркунучтуусу — Кыргызстанда оорулар боюнча 7-орунда турган тери рагына жеткириши ыктымал.

Эмне кылуу керек? Жайкысын жеӊил жана кол-бутту жаап турган узун кийим кийүү керек. Эшикке чыкканда колдонуу мөөнөтү өтүп кетпеген күн нуруна каршы крем сүйкөнүп жүрүү зарыл.

Кулак оорусу

Сууга түшпөстөн жайкы эс алууну элестетүү мүмкүн эмес. Сууда ар кандаи жандыктар, чөп-чарлар, таштандылар болгондуктан таза көрүнүп турса дагы, көзгө көрүнбөгөн миллиондогон микробдор жана вирустар жайгашат. Ошондон улам көлгө, суу сактагыч жана бассейнге түшкөндөн кийин инфекциялык ооруларга кирген отит кулак оорусуна кабылгандар көп кездешет.

Эмне кылуу керек? Сууга түшөрдө атайын кулактын тешигин жаап туруучу каражаттарды колдонуу керек. Кулагыӊыздын ичине суу кирбеген учурда дагы, сөзсүз сууга түшүп чыккандан кийин спиртке малынган кебез менен кулактын ичин жана тегерегин тазалап туруу зарыл.

Булак: «Леди.kg» гезити. 11-июнь, 2019-жыл.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү