Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл болуп дайындалды

Автор -

Намазалиев Алтынбек Адбисаламович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Тийиштүү буйрукка мурда ээлеген кызматынан бошотуп Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Борбордук аппараттын жамаатына облустун жаңы башчысын Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов тааныштырды.

Белгилей кетсек,  10-июнда Абылгазиев Туйгунаалы Абдраимовду өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кызматынан бошоттуга кол койду.

Туйгунаалы Абдраимов кызматынан бошотулду (Видео)

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү