Индиянын Уттар Прадеш провинциясында поезд менен саякат кылган 4 киши ысык аба ырайынын себебинен каза тапты.
Тийиштүү кызматкерлер Керала экспресси менен Варанасиден Аграга саякат кылган жүргүнчүлөрдөн бешөөнүн аба ырайы өтө ысып кеткенинен абалдары начарлаган.
Абалы начарлаган 5 кишиден төртөөнүн поездде көз жумганын айткан тийиштүү кызматкерлер, бир кишинин Жансидеги ооруканага жаткырылганын айтышты.
Метеорология штабы Уттар Прадештин айрым шаарларында абанын температурасы 50 градуска жеткенин маалымдады