Орусия мекенине кайткан Кыргызстандын мигранттарына пенсия төлөйт

Автор -

Орусия Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдөн – Армения, Беларус, Казакстан жана Кыргызстандан келген эмгек мигранттары мекенине кайтса да, аларга пенсия төлөй баштайт.

Учурда биримдик ичинде жарандарды пенсия менен камсыздандыруу боюнча документ даярдалууда. Төлөм 2020-жылдан баштап жүргүзүлөт жана анын суммасы улам көбөйүп турат. Бул тууралуу РБК агенттиги билдирди.

Азыркы норма боюнча Орусия бул өлкөдө туруктуу жашаган кишилерге гана пенсия төлөйт. Мамлекеттен чыгып кеткен мигранттар пенсия албайт. Жаңы келишимде төлөм схемалары өзгөрөт. Ага ылайык, Орусияда иштеп жүрүп пенсияга чыккандар жер которсо да акчасын ала берет. Эгер орусиялык жаран ардактуу эс алууга чыгып, кийин башка өлкөдө жашап калса, ага да пенсияны Орусия төлөйт.

Орусия мыйзамдарына ылайык, учурда иш берүүчүлөр чет өлкөлүк жумушчулары үчүн пенсия фондуна акча которот, бирок алар пенсия алуу укугуна ээ эмес. Бул акчалар кайда кетип жатканын пенсия фонду ачыктоодон баш тарткан.

Бөлүшүү