Марс Сариев: Россия долбоорлорго  катышса Кыргызстан үчүн саясий жактан коркунуч болбой

Автор -

—Марс мырза, эки күндѳн кийин Бишкекте ШКУнун саммити ѳткѳнү турат. Бул чоң саммиттин мамлекетибизге саясый-экономикалык жактан алганда кандай пайдасы тиет?

—Кыргызстанда экономикалык жактан алып караганда эң биринчи темир жол боюнча долбоорлор бир топ жылдан бери ишке ашпай жатат. Мына ушул маселе чечилет. Бирок бул долбоорлор Россия да катышкысы келип жатат. Россия катышса жакшы болот эле деп ойлойм. Себеби саясий жактан коркунуч болбойт. Анда Кытай сыртын салып коет деген коркунучту эксперттер айтып жатышат. Ошонун баары чечилиши керек. Анан экономикалык долбоорлор ишке аша баштаса, анда мамлекетибизге инвестиция тартылып темир жол салына баштайт.

-Сиздин оюңузча ошолордун баарын ишке ашырууда эмне тоскоолдук болуп жатат?

-Тоскоолдук тууралуу айта турган болсом, бул жерде Кыргызстан чочулап жатат. Кытай мамлекети темир жолду салып анан кытайлыктар каптап кетет деп. Бир жагынан Россия темир жол салынса анда транзитке атаандаш болоорун билип, Казакстанда Хоргостогу темир жолду да эске алып, андан тышкары Орто Азиядагылар Кытай жакка ооп кетет деп коркуп жатат. Ошон үчүн Россия темир жолдун туурасын советтик стандартта болсо десе, Кытай европалык стандартта салсакпы дегендиктен ушул маселе чечилбей жатат.

 -Демек, бул маселеде Кытай менен Россияны алганда геосаясий кызыкчылык бар да?

—Бар. Россия ошого чочулап жатат. Россиянын артынан биз ОДКБ, ЕАЭСке киргенибиз үчүн бул мамлекеттин позициясын колдой албайбыз. Себеби ал коркунучту Россия сезип жатса анан биз ѳнѳктѳш болгонубуз үчүн Кытайга да ошондой маселени коюп жатышат. Кытай дагы кѳнбѳгѳндүктѳн ошон үчүн бул маселе учурунда чечилбей чоюлуп жатат.

-Биздин бийлик Кремлдин айтканы менен болот деген сѳз бар эмеспи. Бул маселени ал жак менен кеңешип туруп макулдукту бериши мүмкүн да. Туурабы?

-Мындай маселени чечүүдѳ Россия темир жол боюнча долбоорлорго биз катышабыз деп жатат. А Кытай болсо каалабай жатат. Деги эле Кытай эч кимди каалабайт. Япония каражат бар экенин айтып кошулгусу келип жатса Кытай ага да кѳнбѳй жатат.

 -Дүйнѳлүк саясий аренада саясий уюмдар кѳп да. Ошонун бири ШКУ болуп калбадыбы. ШКУнун кадыр-баркы дүйнѳлүк деңгээлде барган сайын жогорулап жатабы?

-ШКУнун кадыр-баркы чындыгында жогорулап жатат. Себеби бул уюмдун курамына кирген мамлекеттердеги элдин саны 3 миллиардды камтып жатпайбы. Мындан тышкары буга Индия менен Пакистан дагы кирбедиби. Ал мамлекеттер да азыр Кытай, Россия менен бир платформага жакындап келе жатышат. Себеби, Кытайда соода боюнча атаандаштык башталып жатат. Анан азыркы ШКУда булар баары биригип Азия-Америка платформасына ооп кетиши мүмкүн. Ошол континенттеги ар бир чоң  мамлекеттер ѳзүбүз чечишибиз керек деп. Бирок ачык түрдѳ эмес…

Булак: «Багыт.kg» гезити. №21 (142). 12-июнь, 2019-жыл.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү