Өмүрбек Текебаев: Азыркы тергөөчүлөр мыйзамды түшүнүшпөйт

Автор -

«Ата Мекен» партиясынын абактагы лидери, учурда дарыланып жаткан Өмүрбек Текебаев Аида Салянованын камакка алынышы боюнча өз оюн билдирди.

Анда Текебаев «Президентти, Жогорку Кеӊештин депутаттарын, башкы прокурорду кылмыш жообуна тартууга парламент гана уруксат берет. Ал эми судьяларды кылмыш жообуна тартыш үчүн Соттор кеӊешинин макулдугун алуу зарыл. Баарыбызга белгилүү, Аида Салянова башкы прокурор болуп турган кездеги иши үчүн айыпталып жатат. Демек, Конституциялык палатанын, Жогорку сотгун чечимдерине ылайык, аны кылмыш жообуна тартыш үчүн Жогорку Кеӊештин макулдугу сөзсүз алынышы керек. Ансыз Аида Саляновага жасалган аракеттердин баары мыйзамсыз. Ал аракеттерди жүргүзөн адамдар мыйзам алдында жооп берүүгө тийиш» — деп эсептейт.

Муну менен бирге Текебаев айрым кесипкөй кадрлардын жетишсиздигин айтып азыркы тергөөчүлөр Конституциянын эрежелерин түшүнбөй турганын кошумчалаган. Аида Саляновага карата мыйзамсыз, Конституцияга каршы келген иш-аракетгерди Жогорку Кеӊеш териштирип чыгат деп ишенерин билдирген.

Булак: «Факты.kg» гезити. №23 (23). 11-июнь, 2019-жыл.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү