WI-FI Адамдын ден соолугуна зыяндуубу?

Автор -
322

Бүгүнкү күндѳ кеңселерде, үйлѳрдѳ, кѳчѳдѳ wifi активдүү колдонулуп, коомчулуктун чоң керектѳѳсүнѳ айланды. Ал электромагниттик нурдун жардамы менен иштейт. Андыктан адам үчүн зыяны барбы же жокпу деген суроо туулат. Айрым изилдѳѳлѳр зыяны бар экендигин кѳрсѳтсѳ, экинчи бир изилдѳѳлѳр четке кагат.

Wifi биринчи жолу 1996-жылы Австралиянын Канберра шаарында Жон О’Салливан аттуу инженер тарабынан иштелип чыккан. Wifi (Wireless Fidelity) «зымсыз тактык» дегенди билдирет. Ал роутер, USB-модемдин жардамы менен колдонулат.

  • Кабелсиз, зымсыз интернетке кошулууга мүмкүнчүлүк түзѳт;
  • Уюлдук аппараттардын түйүнүнѳ кирүүгѳ жол берет;
  • Мобилдүүлүгү. Тагыраагы, интернетти бир жерде эле отуруп колдонбостон, бардык ыңгайлуу жерде колдонууга шарт түзѳт;
  •  Бир эле wifiдaн бир нече адам колдоно алат;
  •  Wifi түзүлүштѳн чыккан нур уюлдук телефондон чыккан нурга караганда 10 эсе аз.

WIFI эмнеси менен кооптуу?

• Wifi роутер 2,4 ГГц диапазон ылдамдыкта иштейт, ал эми жөнөкөй роутерлердин күчү 100 мкВтты түзөт. Мындай ылдамдык адамдын организминдеги клеткаларга терс таасир этет. Натыйжада адамдын дене табы көтөрүлүп, организминде суу, май, глюкоза азаят.

• Маалыматтарды берүүнүн ылдамдыгы канчалык чоң болсо, клеткалар ошончолук алсыз боло баштайт. Бул көбүнчө видео, сүрөт жана башка маалыматтарды жүктөгөндө байкалат.

• Көп батирлүү үйлөрдүн жашоочулары үчүн кооптуу. Анткени алар дайым wifiдын курчоосунда болушат. Бир сутка бою wifi менен жашаган адам ар бир секунд сайын роутердин нурун кабыл алып түрат. Ошондой эле көп батирлүү үйлөрдүн дубалдары менен металл конструкциялары роутердин таасирин азайтканы менен нурун толук кармап тура албайт. Бул көп кабаттуу кеңселерге, соода борборлоруна жана кафе-ресторандарга да тиешелүү.

• Wifi роутерди түнү менен өчүрбөй калтыруу баш ооруну, нерв системасынын бузулушун, чарчоону, алсыздыкты пайда кылат. Анткени түнү менен бөлмөнү роутердин зыяндуу нуру каптап калат. Бул өзгөчө иммунитети алсыз адамдар үчүн кооптуу.

• Акырындык менен адамдын кан басымы эч себепсиз көтөрүлүп, жүрөгүнүн согушу тездейт.

•  Эс тутумга терс таасир тийгизет. Бул да дароо билинбейт, wifi акырындык менен адамдын эс тутумун начарлатат.

• Ар кандай шишиктердин пайда болушуна, өнүгүшүнө, гендин өзгөрүшүнө алып
келет. Ошондой эле убагынан эрте картаюуга себеп болот.

•  Уюлдук телефон сыяктуу wifiдан чыккан нур мээге зыян келтирет.

•  Америкалык окумуштуулар wifi себеп болгон оорулардын катарына рак, жүрөк кемтиги жана кем акылдык кирерин далилдешкен. Ошондуктан Америка, Улуу Британия жана Германиянын бала бакча, мектептеринде wifi колдонуудан баш тартышат.

• Wifi кошулган смартфонду түнкүсүн жанына алып жатканда адамдын көңүл буруусу начарлап, тамырлары карышып калат. Бул өзгөчө мектеп окуучуларына тиешелүү.

• Wifiдын зыяны чоңдорго караганда кичинекей балдарга көбүрөөк зыяндуу. Анткени алардын организми жаш жана баш сөөгү жука болот. Ошондуктан зыяндуу нурларды бат кабыл алат.

•  Эркектер үчүн кооптуу. Бул үчүн атайын байкоо жүргүзүлгөн. Ага ылайык, wifi орнотулган компьютерде 4 саат отурган эркектин сперматозоиддеринин 25 пайызы ошол убакыт аралыгында эле өлүп калары аныкталган.

Булак: «Леди.kg» гезити. 11-июнь, 2019-жыл.