Жайыл районунда 2 жаштагы наристе жоголду

Автор -

ӨКМдин маалыматына ылайык,  11-июнда Кызыл-Дыйкан айыл аймагынын Бекитай айылында  2017-жылы туулган Т.Н. дайынсыз жоголгон.

Дайынсыз жоголгон баланын ата-энесинин айтуусу боюнча, бала агып аткан суунун жээгинде ойноп жүргөн. Издөө иштерине саат 18:12де КР ӨКМнин Жайыл райондук №22 АӨКБдан 4 куткаруучу тартылган.

Издөө иштери улантылууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү