ӨКМдин маалыматына ылайык, 11-июнда Кызыл-Дыйкан айыл аймагынын Бекитай айылында 2017-жылы туулган Т.Н. дайынсыз жоголгон.
Дайынсыз жоголгон баланын ата-энесинин айтуусу боюнча, бала агып аткан суунун жээгинде ойноп жүргөн. Издөө иштерине саат 18:12де КР ӨКМнин Жайыл райондук №22 АӨКБдан 4 куткаруучу тартылган.
Издөө иштери улантылууда.