Дыйкандар бийликтегилер берген убадага ишенбей тургула

Автор -
282

Быйыл Кыргызстанда буудай талаалары 28 миң гектарга кыскартылары, анын ордуна бул жылы тамеки, кызылча, кѳп жылдык чѳп себилерин КРнын вице-премьер министри Кубатбек Боронов «сүйүнчүлѳдү». Кыргыз Ѳкмѳтү айыл чарбасын кѳтѳрүүгѳ 11 багытты аныкталганын билдирет. Буга эт, сүт, жүн, малина, карагат киргизилиптир. Ошону менен катар Ѳзбекстандан 100 миң тонна минералдык жер семирткич алууга макулдашылганына кубанычы койнуна батпай жаткан экен.

Тилекке каршы ал жер семирткичтер дыйкандардын чѳнтѳгүнѳ туура келеби, же асман чапчыган баадабы, кейпи бул маселе жашыруун сыр сыяктанат. Чынында жогорудагы аталган продукция ансыз деле ѳтүмдүү товар экендигин элибиз жакшы билет. Дагы бир чал-кештүү маселеге кайрылалы . Кыргызстан географиялык жактан түштүк, түндүк деп бѳлүнѳт. Ушул жер семирткич маселесин Ѳкмѳт чечүүдѳн мурда жергебиздин региондук ѳзгѳчѳлүктѳрү, ташып жеткирүүдѳгү аралыктарды эске алса болмок.

Менимче, жергебиздин жайгашкан аймактарына жараша түштүккѳ Ѳзбекстандан, түндүккѳ Казакстандан алуу дыйкандарыбызга ыңгайлуу экендигин ойлобогондугу ѳкүнүчтүү. Жер семирткичтерди ташып жеткирүү аз болсо да арзанырак түшсѳ, андан арткан каражаттарды дыйкандарыбыз башка керектѳѳлѳрүнѳ жумшамак. Дагы бир кѳңүл ѳйүгѳн маселе, бул товарлардын негизги бѳлүгүн дыйкандар сатыкка чыгарууга мурдатан эле «ѳз кардарларын» таап коёрун унутпашыбыз керек болчу. Ошол эле учурда Ѳкмѳткѳ ишенген дыйкандарыбыз быйылкы жылы картошкасын сата албай, талаага таштанды кылгандыгын бийлик бутактары эстен чыгарышса, дыйкандар аны али унутуша элек.

Ѳткѳн жылда бийликтин «сѳзү менен иши айкашпагандыктан» дыйкандар кирешеден кол жууп отуруп калышкан эле. Ишенимдин канчасы ишке ашары белгисиз.

Булак: «13 Квартал» гезити. №13 (13). 11.06.2019.