Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 13-июнь түнү саат 00:09да Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ысык-Көл районунун Өрнөк айылында 2 баллга чейин сезилген.
Такталган маалыматка ылайык, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.