2010-жылы Алтынбек Намазалиев банк кутучаларын тоноду беле?

Автор -

Ѳкмѳттүн Чүй облусунун ыйгарым укуктyy ѳкүлү болуп Алтынбек Намазалиев дайындалды. Эл астында аты-жыты белгисиз бул жигиттин ѳткѳн чагына кызыгып кѳрсѳк, шектүү суроолор жаралды. Бул кандай, чүйлүктѳрдү шылдың кылуу эмеспи?

Эмесе, собол таштайлы: 2010-жылы банк кутучаларынан акча уурдагандардын арасында Алтынбек Намазалиев да болгонбу? Андагы башкы прокурор Кубатбек Байболов бул жигитти кылмышка шектүү катарында кызматынан айдап ийгенби? Кийин 2016-жылы Намазалиев Кара-Балта прокуратурасында иштеп жатып, иштеги кемчиликтери үчүн жогорку жетекчилик тарабынан айыпталып, кызматынан кол жууганын билесинерби?

2018-жылы акчанын күчү менен Аламүдүн районуна аким болду беле? Дал ушул суроолорду атайын кызматтар иликтеп, айыбы болсо кызматка эмес, жоопкерчиликке тартпайбы?..

Биринчиден, жаңы губернатор жооп берсе, гезит бетинен орун берилет.

Экинчиден, 1 миллиондон ашык калкы бар Чүй облусуна элдин астында жүзү жарык, кадыр-барктуу кадр дайындалса болмок да! Ѳкмѳт башчы Абылгазиев баарын эле ѳзүнѳ окшотуп, кайдан-жайдан шектүү адамдарды жогору карай сүйрѳй берсе, аягы кандай болот?

Эл ичинде ушу тапта нааразычылык жаралууда. Негизи оомат кеткенде канчалык аракет кылса да окшошпой, ар бир кадамынан жаңылып, кут качып, коомчулукка жек кѳрүнѳ баштаганы ушул белем?..

Булак: «АЗИЯ news» гезити. №23 (310). 13-июнь, 2019-жыл.

Бөлүшүү