Айбек мырза: Азыркы парламент «кул мүнѳзгѳ» айланды

Автор -
220

Депутаттар бүгүнкү жыйында экс-президентке жооп кайтарышты. Үн катышты. Бирок, ошол эле депутаттардын эки жүздүүлүгү, дагы башка сапаттары кѳпчүлүктү нааразычылыкка түрттү.

-Айбек мырза, азыркы парламентти «кул мүнѳз» деп ѳзүнчѳ мүнѳздѳмѳ берип чыктың…

— «Кул мүнѳз парламент» боюнча айла жок айтып, кыйкыргың келет экен. Азыркы парламентке «кул мүнѳз» деп мүнѳздѳмѳ берсек туура болчудай. Кулдун биринчиден ѳз кожоюну болот. Экинчиден, ѳзүнчѳ чечим чыгара албайт. Ѳз алдынча ой жүгүртѳ албайт. Ѳзүнүн керт башы, курсагы үчүн эле жашайт. Ушул айтылган мүнѳздѳмѳлѳр биздин парламентке да тийешелүү. Анткени азыркы парламенттин кожоюну азыркы президент. Президент кандай тапшырма берсе ошону аткарышат. «Бийлик бутагына кайсы адамды шайла» десе шайлашат. Кандай келишим, чечимди кабыл алууда алар баарына макул.

Кыскасы, президенттин гана оозун карап турат. Ѳз алдынча чечим чыгара алышпайт. Кожоюнга каршы ой-пикир айта алышпайт жана жеке кызыкчылыгынан, керт башынан ѳйдѳ кѳтѳрүлүшпѳйт. Эл жѳнүндѳ, эркиндик жѳнүндѳ, башка ѳнүгүү, ѳсүү, реформа жѳнүндѳ, жаңы-жаңы, сонун идеялар тууралуу кѳтѳрүп чыккан баалуулуктары жок бул парламентти мен «кул мүнѳз парламент» деп айтат элем.

Эми азыр кеткен президентти сындап, чоң маселе кѳтѳргѳндѳй бапылдап жатышат. Азыркы учурдагы президенттен реформаларды талап кылуу боюнча, жаңы кадрлар боюнча эч кандай ойлорун айтышкан жок. Анткени кожоюнуна каршы, чыга алышпайт. Кандай президент келсе да ѳз кожоюндары катары сезип алышкан.

Ошол себептүү мындай парламенттин иштешине каршымын. Кооптондура турган нерсе — улуу кыргыз эли «кул мүнѳз парламентти» шайлап, кедерибизден кеткенибиз ошол…

Булак: «АЗИЯnews» гезити. №23 (310).13-июнь, 2019-жыл. 

Бөлүшүү