Москвада 18 жаштагы кыргызстандык кыз сууга чөгүп каза болду

Автор -
255

Орусиянын Москва шаарында 18 жаштагы кыргызстандык Гуласал аттуу кыз сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү маалымдады.

Маалыматка ылайык, кыз кесиптештери менен «Строгино» метросунун аймагында эс алып жатып, Москва дарыясына чөгүп кеткен.

Маркум сууга түшүп эле чыкпай калган. Аны 20 мүнөттөн кийин гана куткаруучулар алып чыгышып, бирок өмүрүн сактай алышкан эмес.

Ал Жалал-Абад облусунун Сузак районунан экени аныкталды. Маркумдун сөөгү бүгүн Кыргызстанга жөнөтүлөт.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү