«Азаттыктын» журналисттери кол салууга кабылды (видео)

Автор -
223

Душанбеде  “Азаттыктын” тажик кызматынын кабарчылары Шодмони Ятим менен Алишер Зарифи  коомдук транспорттордун иши жөнүндө видеоматериал даярдап жүрүп, автобус айдоочусу жана кондуктор тарабынан кол салууга кабылды.

Окуя 13-июнда “Садбарг” соода борборунун жанында болгон. Бийлик бул жагдайды иликтөөгө убада берди.

Кабарчы Шодмони Ятимдин айтымында, айдоочу менен кондуктор видеого тартууга уруксат бербей, каршылык көрсөтүшкөн. Алар журналисттерди сөгүп, опузалашкан.

Окуя автобус жүргүнчүлөрүнүн, МАИ инспекторлорунун жана транспорт башкармалыгынын өкүлдөрүнүн көзүнчө болгон. Алар окуяга унчукпастан көз салышкан. Кийинчерээк милиция жана транспорт башкармалыгынын кызматкерлери камаарабастыктарын “эч ким бизге жардам сурап кайрылган жок” деп түшүндүргөн.

Душанбеде журналисттер иш учурунда тез-тез кол салууга жана кемсинтүүгө дуушар болушат. 2019-жылы мартта “Точикистон” радиосунун журналисти Душанбедеги Эл аралык аэропорттун инженери тарабынан мазактоого кабылганын билдирип, арыз менен өлкөнүн Башкы прокуратурасына кайрылган.

Тажикстан көз карандысыз журналисттер ассоциациясы ай сайын кеминде 10 журналист кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу тоскоолдуктарга, коркутуп-үркүтүүлөргө, кемсинтүүгө кабыларын маалымдаган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү