Ташиев «котур ташын» ачыкка чыгарды…

Автор -
274

«Ата-Мекен» партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаев Аида Салянованын камалышын саясий куугунтук жыттанаарын, мыйзам бузулганын билдирди. Мындай жагдай Ташиевге жакпай калган экен,безге сайгандай чырылдап жиберди.

Түз эле «Салянова башпрокурор катары биздин депутаттык укугубузду бузуп,камап жатканда эмнеге Текебаев мыйзам бузулганын айтып чыккан эмес? Ал татыктуу жазасын алууга тийиш» -деп Текебаевди беттен алды. Күйүп-бышкан Ташиев: «Экс-башпрокурор катары сылык-сыпаа мамиле кылуу керек имиш. Текебаевдин логикасы боюнча Саляновага медаль бериш керекпи? Мынчалык эки жүздүүлүктү мен такыр көргөн эмесмин» — деп каӊырык түтөтүп, эски кегин эстеп, «котур ташын» ачыкка чыгарды.

Булак: «Фабула.kg». 14-июнь, 2019-жыл.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү