Ташиев: «Республика» менен кызматташуудан пайда көргөн жокмун

Автор -
219

Жогорку Кеңештеги саны жагынан экинчи орунда турган «Республика — Ата Журт» фракциясы азыркы курам менен шайлоого катышпай турган болду. Бул тууралуу Камчыбек Ташиев«Азаттык» радиосуна билдирген.

Анын айтымына караганда, «Республика» менен кызматташуу эч кандай жемишин берген эмес.

«Биз, албетте, шайлоого даярданып жатабыз. Биз шайлоого биринчи жолу катышып жаткан жокпуз, качан даярдык көрүш керек экенин жакшы билебиз. Биз шайлоодо утабыз деп ойлоп жатам. «Ата Журт» бул жолу «Республикага» кошулбай, өзүнчө барат. Биз 2010-жылдагы ийгиликти кайталагыбыз келет. Өмүрбек Бабанов менен сүйлөшкөн жокмун, көптөн бери көрө да элекмин. Ал шайлоого катышабы же жокпу, билбейм.  Партия лидери катары мен парламентке өтпөй калдым. Бул жыйынтыкты мен нөлгө теңейт элем»
деди Ташиев.

Юридикалык жактан алганда Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиев теңтөрага болгон «Республика – Ата Журт» жашап жатат. Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, «Республика» жана «Ата Журт» партияларын такыр башка адамдар негиздеген. Ортодон пайда болгон «Республика — Ата Журт» биротоло жоюлабы же жокпу, азырынча белгисиз.​

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү