Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 14-июнда, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди.
«Манас» эл аралык аэропортунан Тажикстандын Президентин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.