Коомчулукту дүрбөтүп, төбө чачты тик тургузган кылмыштын катышуучуларынын ишин ИИМдин төргөө башкармалыгынын тажрыйбасы жок тергөөчүсү Ринат Кайкиев тергеп жатканына жабырлануучу тарап нааразы. Мындай резонанстуу кылмыш ишин жана ошондой эле ОПГ аралашкан ишти тажрыйбалуу, жүрөктүү тергөөчү караш керектигин билдиришти. Эки айдан бери аягына чыкпаган тергөө иши, дагы эки айга узарыптыр. Ал ортодо кылмышка шектүү Чыӊгыз Жумагулов (Дөө Чыӊгыз) аллергия деген оорунун негизинде N°1СИЗОдон N°47 абакка жылуу жумшак которулуп кетиптир. Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 9-апрелинде Бишкек шаарында үрөй учурган окуя болуп, Ильяз Абдыкадыров менен Урмат Асылбековду аёосуз сабап, чала жан кылышып, «Камек» жеке менчик ооруканасынын короосуна таштап кетишкен.
Натыйжада Абдыкадыровдун жансыз денеси өлүкканага тапшырылып, Асылбеков комадан чыкпай каза тапкан. Абдыкадыровдун келинчегинин көрсөтмөсү менен жолдошунун кайсы тарапка кеткени такталып, натыйжада Таш-Рабат соода борборунун жанында катар жайгашкан унаа жуучу жайдын видео камерасына түшүп калган тасманын негизинде маркумдарды кимдер өлтүргөнү белгилүү болгон. Алгач, укук коргоо органдары тарабынан кылмышка шектүү катары төрт киши изделип, учурда учөө гана кармалып камакта жатат. Ал эми бирөөсү тергөө иштеринен четтетилип жок болуп кеткен. Кылмышка шектүүлөрдүн эӊ негизги фигурасы Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү Чыӊгыз Жумагулов болуп чыккан. Мындан улам, Камчы Көлбаев кылмыш чөйрөсүнө баш-көз болалбай калганбы деген кептер тарады.
Анткени, Жумагуловго карата темир тор артында жаткан кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү да нааразычылык билдирип чыгышууда. Ошондой эле жогорудагы кылмыш ишинде жабырлануучу катары өтүп жаткан маркум эки жигиттин келинчектери жана туугандары, Чыӊгыз Жумагуловдун өмүр бою эркинен ажыратуусун талап кылышууда…
Булак: «Ачык саясат» гезити. №22 (365). 14-июнь, 2019-жыл.