Суусундук чыгарган «Кока Кола» компаниясы жаз алды менен байгелүү акцияларын жарыялаган. Анда: «120 миӊ сомдон 10 байге, 10 миӊ сомдон 100 байге, 800 миӊ штук 1 литрлик бекер кола беребиз» деген «саамалыгы» айтылган эле.
Тилекке каршы ал жарыясы коомчулукка жетип-жетпей жатып токтоптур. Башкача айтканда акция 2019-жылдын 5-апрелинен 7-июнуна чейин эле экен. Өткөн жумада капкакты бекер колага алмаштырабыз дегендер нааразы болду. 2 айлык акция менен бир жылдын соода-сатыгын жүргүзүүнү максат кылган «Кока Кола» деген куйту компанияга чара көрүш керек го. Болбосо, элдин көзүн будамайлоосун булар токтотпойтда. Негизи, суусундуктардын акциясы саратанда башталышы керек, булар жаз маалында элди азгырып, анан токтотуп койгону акылга сыйбай турат. Аидан да кызыгы, акция бүтөр замат коланы 2-3 сомго кымбаттатып, баасын көтөрдү. Элдин чөнтөгүнө тымызын кол салгандарга ким чара көрөт, ыя? Үн кошкула!
Булак: «Де-факто» гезити. 14-июнь, 2019-жыл.