Иосиф Виссарионович Сталин эки ирет үйлѳнгѳндүгү маалым. Биринчи жолу ал 16 жаштагы Екатерина Сванидзеге үйлѳнгѳн, (Сталин ѳзү ал чакта-26да болчу). Анын бул никесинен уулу Яков тѳрѳлгѳн. Кобанын (Сталиндин) аялы тиф оорусунан кайтыш болгон. Анын экинчи аялы Надежда Аллилуева болуп калат да, кийинчерээк ал ѳз ѳмүрүн ѳзү кыйган. Бул никеден эки бала: уулу Василий менен кызы Светлана тѳрѳлѳт. Баарынан кызыгы, ал кезде Надежда бар болгону 17 жашта, ал эми Иосиф 40 жашка чыгып калган эле.
Сталин аялдарга жага турган эркектерден эмес болчу, аны герой-любовник деп атоого болбос эле. Анын үстүнѳ, айбаттуу, кубаттуу, олуттyу Иосиф Виссарионович аялзатына деле анчалык кызыкпагандай таасир калтыра турган. Аны баарынан дагы саясат жана дагы эркектердин ортосундагы оюндар кызыктырып, ал оюндардын кѳбү аны менен чогуу ойношкон эркектердин кѳбү үчүн абдан кайгылуу болуп аяктай турган болуп калган. Бирок, чынын айтканда, сүйүүгѳ келгенде Сталин деле башкалардай адам болгон. Ал мамлекет башчысы боло электе деле, болгондон кийин деле ушундай бойдон калган.
ХХ кылымдын эң башталышында (1909-жылдан 1911-жылга чейин) Иосиф сүргүндѳ -Архангельск областынын Сольвычегодскийинде жашап жүргѳн. Ошол жактан ал Матрена Кузакова менен таанышып калат, ал жергиликтүү дьякондун кызы болчу. Бул аял жесир калгандыктан, байкуш аял баш кѳтѳрбѳй,керээлден кечке иштей турган. Сталин кээде ага жардам берип жүрүп, акыры анын күйѳѳсүн алмаштыргандай эле болуп калат. Кийинчерээк Матрена уул тѳрѳйт. Сталин ал кезде кетип калган болчу. Бирок айланадагылар баланын ѳз ага-эжелеринен абдан чоң айырмаланарын байкап калышат. Муну эч кѳңүл бурбай караганда деле кѳзгѳ байкалмак. Бардык балдары сары чийкил болушса,жалгыз гана Константин кара тору болуп тѳрѳлѳт. Ага «Степанович» деп отчество беришип, апасынын фамилиясы менен жаздырышат.
70-жылдарда Константин Кузаков Москвага келет. Ал Шаболовкадагы радиодо адабий берүүлѳр боюнча редактор болуп иштейт. Баары аны Сталиндин уулу деп шыбыраша башташат. Константин Степанович бул версияны тастыктайт. Бирок — 1996-жылы гана! Ал бала кезинен бери эле кимдин уулу экенин билерин, бирок, бул тууралуу эч кимге айтпагандыгын, жана да эч кимге айтпайм деп тилкат түрүндѳ сѳз бергенин билдирет.
1947-жылы Кузаковду аз жерден атып сала жаздашат. Бул ишти да фальсификациялаган Берия болуп чыгат. Бирок, балким Иосиф Виссарионович менен туугандык байланышын билишкенби, айтор, ал тирүү калат.
1913-жылдан 1916-жылга чейин Сталин кайрадан сүргүнгѳ айдалат. Бул ирет Курейка айылына (Туруханский крайга). Ал бир туугандар — агасы жана карындашы бар — Перепрыгиналардын үйүндѳ жашап калат. Андан соң 14 жаштагы кыз -Лидия менен жашай баштайт. Перепрыгина эки бала тѳрѳйт. Бирѳѳсү кичине кезинде эле ѳлүп калат. Экинчиси -Александр узак жашайт. Жаш кыз менен бойго жете элек кезинде жашагандыгы үчүн Сталинге каршы кылмыш ишин козгоону каалашкан болчу. Бирок, ал кызга үйлѳнѳм деп убада берип, ошол бойдон сѳзүнѳ турбай, кетип калат. Лидия кийин ошол эле айылдык Яков Давыдовго күйѳѳгѳ чыгат, баласы Александр Давыдов болуп калат.
1935-жылы НКВД кызматкерлери андан маалыматтарды жайылтпоо тууралуу тилкат алышат. Анын атасы чынында ким экени табышмак бойдон кала берет. Александр Давыдовдун эң, жогорку жеткен кызматы — Новокузнецкийдеги ашкананын чоңу болот. Сталин кезегинде балериналар Ольга Лепешинская жана Марина Семенова менен жана да ырчылар Наталия Шпиллер жана Валерия Барсова менен да ар түркүн байланышта болгон деп айтылат. 1941-жылы 25 жашында Ольга Сталиндик сыйлыктын 1 даражасындагысын балет искусствосу боюнча алган. Сталин бийчилерге урмат менен караган. Ал эми шат кѳңүлү жана виртуоздуу секириктери үчүн аны ийнелик деп коюшкан. Балерина Кремлдеги концерттерде кѳп катышат, Сталин ѳзү да Чоң театрда кѳп боло турган. Анын афишасында Лепешинскаянын фамилиясы такай турчу. Кийинчерээк артист бардык орден, медалдарды алып, аларды кайсыл жерине илишти да билбей калат. Аны ѳз мекенинде гана эмес, чет ѳлкѳлѳрдѳ да абдан бийик баалашкан. Жол башчы Чоң театрдын солисткасы Вера Давыдова менен да байланышканын айтышат.
Арийне, бул сѳздү Давыдованын туугандары такташкан эмес. Бирок, кыйыр далил катары, анын да ар кандай сыйлыктары жана ардактуу наамдары абдан эле кѳптүгүн сѳз кылышат. Валентина Истоминаны Сталиндин эң соңку сүйүүсү деп аташат. Ал жолбашчынын жанында 1935-жылдан баштап, анын ѳмүрү ѳткѳнчѳ чогуу болгон. Алардын мамилеси жакындыгын Молотов ѳзү тастыктаган имиш. Истомина Сталиндин экономкасы болчу.Дайыма жолбашчынын жанында боло турган. Сталин ѳлгѳндѳн кийин Истоминага персоналдык пенсия чегерилген. Анын балдары жок болчу. Ал ѳзүнүн жээндерин — согушта курман болгон инисинин балдарын багып алган. Валентина Истомина 1995-жылы ѳлгѳн.
Сталиндин башка дагы сүйүү романдары болгон дешет. Бирок, бул жерде биз эң белгилүүлѳрүн гана сѳз кылдык.
Булак: ОРДО №2О. 14-июнь 2019 жыл