27 жаштагы Нурсултан Кубанов министрдин кеңешчиси болуп дайындалды

Автор -

Нурсултан Кубанов КРнын билим берүү жана илим министринин коомдук башталгычтагы кеңешчиси болуп дайындалды. Бул маалыматты министрликтин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Буга чейин “Perspective” Эл аралык тил борборунун негиздөөчүсү Кубанов социалдык тармакта билим берүү министрлигинин эл аралык бөлүмүнүн ыйгарым укуктарын анын командасына өткөрүп берүүнү жазып чыккан.

Кубанов үч жылдын ичинде билим берүү жаатында КРнын студенттери үчүн квота алуу үчүн бир катар келишимдерге кол койгон. Ошондой эле, Россияда эмгек мигранттары үчүн билим берүү борборун ачкан.

“Биринчи кезекте Кыргызстанда Түштүк Корея академиясынын өкүлчүлүгүн же IT мектебин ачуу пландалууда. Ошондой эле Европа жана башка өлкөлөрдөн бюджеттик квоталарды тартуу пландалууда”
дейт Нурсултан Кубанов.
Бөлүшүү