Баткен облусунда эки ирет жер титиреди

Автор -

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 16-июнда саат 18:37де Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жердин силкиниши Кадамжай районунун Кара-Шоро айылында 2 баллга чейин сезилген.

Ал эми, 17-июнда саат 05:07де Лейлек районунун Өзгөрүш, Катраң айылдарында 3 балл, Маданият, Кара-Суу айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Кырсыктан эч ким жабыркап, эч нерсе кыйраган жок.

Бөлүшүү