Баткен облусунда эки өспүрүм сууга чөгүп кетти

Автор -

ӨКМдин маалыматка ылайык, Төрт-Гүл суу сактагычына 15-июнь күнү саат 16:00 чамасында 1997-жылы туулган А.Б. жана 1999- жылы туулган С. у Н. аттуу эки өспүрүм чөгүп кеткен.

16 июнь күнү издөө иштерин улантуу үчүн жалпы 38 куткаруучу тартылып, саат 8дер чамасында маркумдардын сөөгүн суудан табышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.