Илмияновго карата тергөө иштери аяктады

Автор -
Сүрөт: barakelde.org

УКМКнын Тергөө башкы баршкармалыгы тарабынан И.С. Илмиянов тарабынан алдоо жолу менен 150 миң АКШ доллар акча каражатын мыйзамсыз  ээлеп алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш-ишин  тергөө аяктады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 10-июнундагы тергөөнүн жыйынтыгында И.С. Илмиянов Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренсинин 3-бөлүмү (өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) боюнча кылмыш жасагандыгы тууралуу маалымдалып, андан кийин тергөө аягына чыккандыгы жарыяланды.

Азыркы учурда И.С.Илмиянов жана анын жактоочусу  козголгон ишинин материалдары менен таанышып жатат.

Бөлүшүү