Кынтыксыз жүрүм-турум талаптарын бузган судьялардын укуктары чектелет

Автор -

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети кынтыксыз жүрүм-турум талаптарын бузгандыгына байланыштуу бошотулган судьянын мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштөө укугун чектөөгө багытталган «Кынтыксыздыктын талаптарын бузгандыгына байланыштуу судьянын кызмат ордунан бошотулган адамдын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлешин чектөө жөнүндөгү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Мыйзам долбоору «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө», «КР улуттук коопсуздук органдары жөнүндө», «КР бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө», «КР Омбудсмени (Акыйкатчы) жөнүндө», «КР Эсептөө палатасы жөнүндө», «КР жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө», «КР прокуратурасы жөнүндө», «КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө», «Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө», «Ош шаарынын статусу жөнүндө», «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө», «КР Коопсуздук кеңеши жөнүндө» мыйзамдардын ченемдерин КР Конституциясынын 95-беренесине ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.

Юстиция министринин орун басары Манас Сарымсаковдун айтымында, Конституциянын 95-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, кынтыксыз жүрүм-турум талаптарын бузгандыгына байланыштуу судьянын кызмат ордунан бошотулган адам андан ары мыйзамда белгиленген мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлөө укугуна ээ болбойт жана судьялар менен мурдагы судьялар үчүн белгиленген жеңилдиктерди пайдалануу укугунан ажыратылат.