Жогорку Кеӊештин жалпы жыйынында «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» мыйзам долбоору 2-окууда каралып жаткан маалда депутат Исхак Масалиев күтүүсүздөн эле Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановго «эгерде Жогорку Кеӊештин алдына миӊ адам келсе, (жумшартып айтканда «тартипти бузушса» деген маанайда айтты окшобойбу) андайларга күч органдары курал колдонобу?»деген сууроосун сунса ИИМдин замы «мыйзам чегинде курал колдонгонго болот» деди.
Бир караганда жөнөкөй эле суроо-жооптой көрүнгөн менен мындай суроо жана жооптун артында түркүн нерсени чечмелесе болот. А балким парламент жедеп элдин жек көрүүсүнө батып калганын, ошол элдин төккөн салыгынын эсебинен маяна алып, бирок кыйратып иш кылбай, Ак үйдүн ичинде кызыл килем үстүндө басып жүргөн эл өкүлдөрү «коркконго кош көрүнөт болуп» балким бир нерседен чочуп жатышкан жокпу? Же илгери К. Бакиев «Ак үйгө келгендерди автомат менен атам» дегениндей кепти парламентарий ИИМдин бакыйган генералынын оозу менен расмий жоопту коомчулукка кулак кагыш кылып коелу деген аракетиби?
Же күн өткөн сайын жамы-журттун аларга болгон симпатиясы чындап эле төмөндөп, улам бийликке, анын ичинде парламентке болгон кыжырдануулары күчөп бараткандан улам коомчулукка сес көрсөтүп коелу дегeн максатыбы?
Булак: «Айгай пресс» гезити. №20 (130). 14-июнь-2019-жыл.