Жогорку Кеӊеште 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда кабыл алынган Конституциянын талаптарына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан “КР Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – Жогорку Кеӊештин депутаттары Курманкул Зулушев менен Исхак Масалиев.
Демилгечилердин маалыматына караганда, мындан 15 жыл мурда бир адам үчүн чоң иммунитет берген мыйзамга экс-президенттин статусуна арналган “КР Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамдын 12-беренеси кирет. Бул ченем азыркы замандын талабына жооп бербейт. Жаңы Конституцияда Президент адам укуктарынын жана эркиндиктеринин кепилдиги катары чыкпайт. Анын үй-бүлөсүн мамлекеттик камсыздоо жөнүндө ченем да жок. Ошондон улам, мыйзамга төмөндөгүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда:
— Президенттин кол тийгистигинин деңгээлинин төмөндөгөндүгүн эске алуу менен, 3-берене жаңы редакцияда баяндалууда, анда КР Президентин кызмат ордунан четтетилгенден кийин аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу мүмкүнчүлүгү бөлүгүндө Конституциянын ченемдери чагылдырылды;
— аны менен чогуу жашап турган Президенттин үй-бүлө мүчөлөрү тийиштүү артыкчылыктар жана жеңилдиктер менен пайдаланарын эске алуу менен Мыйзамдын 6-беренеси Президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн чөйрөсүн белгилеген норма менен толукталды;
— 13-беренеде экс-президентке карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө кирген учурда ушул беренеде каралган баардык кепилдиктер токтотулат;
— Мыйзамдын 18-беренесин күчүн жоготту деп таануу сунуш кылынууда. Мындан ары ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо экс-президенттин өзүнө жүктөлөт.
Талкуу жүрүшүндө мындай мыйзам кабыл алынып калса, ал баардык экс-президенттерге карата бирдей колдонула турганы белгилүү болду. Ошондой эле, экс-президенттер өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарган мезгилде кылмыш жасап, соттун өкүмү күчүнө кире турган болсо, анда аларга каралган баардык мамлекеттик артыкчылыктар жокко чыгарылат.