Президент Тажикстандагы саммитте уран маселесин көтөрдү

Автор -

15-июнда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өткөн Азиядагы өз ара кызматташуу жана ишеним кеңешинин саммитинде Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Борбор Азиядагы уран маселесине кайрылды.

Жээнбековдун айтымында, уран калдыктары көмүлгөн жайлар — аймактык деңгээлдеги маанилүү маселелердин бири жана ал мурдагы СССРден калган коркунучтуу мурас. Бул маселени чечиш үчүн Кыргызстан 2018-жылы эл аралык деңгээлде бир катар иш-чараларды уюштурган.

«БУУнун Башкы ассамблеясы Кыргызстандын демилгеси менен Борбор Азиядагы радиациялык коркунучтун алдын алуу боюнча резолюция кабыл алды. Биз айлана-чөйрөнү коргоо багытында өз ара кызматташтык болот деп ишенебиз. Учурдан пайдаланып, Орусия, Казакстанга жана чет элдик өнөктөштөргө уран калдыктарына байланышкан көйгөйдү чечүүдө олуттуу жардам көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирем»
деди ал.

Июндун башында кыргыз өкмөтү өлкөдө уранды изилдөөгө жана иштетүүгө тыюу салган. Бул чечимге май айында Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө байланыштуу чыккан нааразылык түрткү болгон.

Алгач бир катар жергиликтүү тургундар, жарандык активисттер кендин казылышына каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Ушундан улам өкмөт кенди казганы жаткан «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясынын лицензиясын токтотуп, парламент «кен иштетилбесин» деген токтом кабыл алган. Ошол эле кезде өкмөт салган тыюунун радиоактивдүү элементтердин калдык сактоочу жайларын жана кен калдыктарын рекультивациялоо боюнча иштерге ​тиешеси жок.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда жалпысынан 92 уу калдык сактоочу жай бар. Анын 36сы Майлуу-Сууда жайгашкан. Алардын 23үндө уран, калганында радиактивдүү тоо тектеринин жыйындылары, оор металлдар, цианид көмүлгөн. Уу заттардын жалпы көлөмү 2,9 миллион куб метрди түзөт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү