Ысык-Көл облусунда бир жаран кызганычтан улам аялын атып салды. Бул тууралуу облустун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 17-июнда саат 04:00дө Тоң районунун нөөмөт бөлүмүнө 16-июнь күнү «Кара-Саз» тилкесинде Тогуз-Булак айылынын 27 жаштагы А.Н. аттуу тургуну өзүн өзү аткан деген маалымат түшкөн. Окуя жерине милиция кызматкерлери барган.
[ads-quote-center cite=’ деп айтылат маалыматта.’]«Тогуз-Булактын 29 жаштагы К.И. аттуу тургуну өзүнүн жубайы А.Н. менен жайлоодо айылдаштарынын малын кайтарып, «Кара-Саз» тилкесинде жашап турган. 16-июнь күнү кызганычтан улам жубайлар уруша кеткен. Анын жыйынтыгында күйөөсү аялын үйүндө мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал менен аткан. Жубайы ошол эле жерден жан берген»[/ads-quote-center]
Бул окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Далил катары ок атуучу курал алынган. Тийиштүү экспертизалар дайындалган.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.