Бишкекте айдоочу 7 жаштагы кызды сүзүп, качып кетти

Автор -

Бишкекте айдоочу 7 жаштагы кызды сүзүп, качып кетти. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 17-июнда Бишкекте Каралаев көчөсүндө айдоочу 7 жаштагы кызды сүзүп,  жол кырсыгы катталган жерден качып кеткен.

Алган жараттарынан улам С.А аттуу кыз ошол жерден жан берген.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында 23 жаштагы М.И аттуу жаран кармалган.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү