Өзгөчө үлпөт той! Орусиялык саякатчылар кыргыз салты менен үлпөт тоюн өткөрүштү (Видео)

Автор -
270

Орусиялык саякатчы Валентин Ефремов сүйүктүүсү менен аба толтурулган шаарда өзгөчө үлпөт тоюн өткөрдү. Бул тууралуу «Комсомольская правда» жазып чыкты.

Алар башкалардан айырмаланып, үйлөнүү үлпөт тоюн кыргыздын салты менен аба толтурулган шаарда Ысык-Көлдүн үстүндө учуп өткөрүштү.

Валентин Ефремов буга чейин эле тойду абада учуп өткөрүүнү пландап жатканын билдирген эле.

Анын сүйүктүүсү Екатерина Ключникова «Эӊ өзгөчө үлпөт той! Мен эми сүйүктүү жармын жана фамилиям эми Ефремова» -деп өз сезимдери менен бөлүшкөн.

Эки жаш той күнү кандай кийим киерин деле ойлонбой Кыргызстанга сапар алышкан. Бул жерге келгенде башкаларга окшоп ак көйнөк кийбестен Валентин менен Екатерина кыргыздын улуттук кийимин кийип, элдерди суктантышкан.

Екатерина алгач эмне киерин билбей көпкө ойлонгон анан кыргыз салты менен той өткөрөлү деп чечишкенде өзүнө улуттук кызыл көйнөктү тандап алган.