Үлпөт той учурунда болгон массалык мушташ боюнча териштирүү башталды (Видео)

Автор -

Кыргызстанда үлпөт той учурунда массалык мушташуу болду. Милиция кызматкерлери окуя кайсы жерде болгонун такташууда. Бул туурасында «Апрель» ИИМге шилтеме берип билдиришти.

Бүгүн, 25-октябрда социалдык тармактарда үйүлгөн жаш жигиттердин мушташуусунун тасмасы тараган. Бардыгы тең костюмчан болгон.

Окуяны видеого тартып жаткан адамдын сүйлөгөнүнө караганда, мушташ Кыргызстандын түштүк жагында болушу мүмкүн.

Милициядан бул факт боюнча териштирүү башталганын, учурда окуя кайсы аймакта болгону аныкталып жатканын билдиришти.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү