УКМКнын төрагасы дайындалды

Автор -

Опумбаев Орозбек Найманович Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Мамлекет башчысынын башка чечими менен ал УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурунку төрагасы Идирис Кадыркулов 15-майда кызматынан кеткен.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү