Муздаткычта каза болгон балдардын видеосу үчүн 3 милиция жазаланды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Мурда маалымдалгандай, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айылында 4 жана 6 жаштардагы эки бала эски муздачкычка кирип, андан чыга албай каза болушкан. Тумчугуп калган балдардын жансыз денесин бир нече убакыттан кийин табышкан. Муздаткычты ачып, андан балдарды табышкан мезгилди камтыган видео тартылып тарап кеткен.
ИИМдин Ысык-Көл облусу боюнча Ички иликтөө кызматы тарабынан видеонун интернетке тарап кетиши боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүштү. Аталган видео кандайдыр-бир профилактикалык иштерге тиешеси жок жана бул айрым милиция кызматкерлеринин жоопкерчиликсиз мамиле кылгандыгынын белгиси экендигин белгилейбиз. Кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө ИИБдин жетекчилиги тарабынан кол алдындагы кызматкерлердин кызматтык ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөнүн жоктугу жана өздүк курам арасында профессионалдык деңгээлин жогорулатуу боюнча машыгуулар тиешелүү деңгээлде жүргүзүлбөгөндүгү боюнча бир нече кемчиликтер менен бузуулар аныкталган.
Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен өздөрүнүн функционалдык милдеттерин тиешелүү деңгээлде аткарышпай ИИОнун Тартиптик уставынын, Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин профессионалдык этикасынын кодексинин пунктарынын талаптарын одоно бузгандыгы үчүн Түп РИИБдин бир катар кызматкерлери тартиптик жазаларын алышты. Ысык-Көл ОИИБдин буйругу менен Түп РИИБдин милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү Ж.Ч. кызматына толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертилсе, Түп РИИБдин милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү С.К. аттууга катуу сөгүш жарыяланды. Тартиптик эскертүү Түп РИИБдин башчысынын орун басарына дагы жарыяланды.