Ысык-Көлдө чиркөөнүн мүлкүн уурдаган 24 жаштагы жаран кармалды

Автор -

Ысык-Көлдө чиркөөдөн баасы 30 миң сомду түзгөн китептерди уурдаган жаран колго түштү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын 24-май күнү түнчүндө белгисиз адамдар Түп районунун Түп айылындагы православ чиркөөсүнө киришип, ичиндеги эски китептерди, иконаларды,  андан башка чиркөөнүн мүлктөрүн уурдап кетишкен.

Көп убакытты создурбастан, ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери чиркөөдө жасалган уурулукка тешеси бар Ысык-Көл облусунун жашоочусун аныкташкан.

Аныкталгандай, 24 жаштагы жаран түнчүндө чиркөөгө кирип, уурулук жасаган. Бекеринен айтылбагандай, ички иштер органдарынын иши коомдук ишенимдин жана элдин колдоосунун негизинде түзүлүш керек.

Аталган кылмыш ишинин бетин ачууга жарандан түшкөн маалымат жардам берген. Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын 2-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлерине Бишкек шаарынын базарларынын биринде чиркөөгө таандык китептерди 2 миң сомдон сатып жатышкандыгы тууралуу маалымдашкан.

Аталган маалыматты текшерүү учурунда жана иликтөөнүн жүрүшүндө күмөн ойлорду жараткан шектүү фактылар аныкталган. Сатыкка коюлган чиркөөнүн китебинин барактарынын биринде Ысык-Көл облусунун чиркөөсү көрсөтүлүп, аны белекке берилгендиги жөнүндө жазуу болгон. Кийинки ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин КМКнын 2-башкармалыгынын жана Ысык-Көл облусунун Түп РИИБдин КМКнын ыкчам кызматкерлери табылган мүлктөр Түп айылындагы православ чиркөөсүнө таандык экендигин аныкташкан.

Криминалдык милиция кызматы тарабынан жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары мурда соттолгон Ысык-Көл районунун Темировка айылынын 1995-жылы туулган К.у.К. аттуу жараны кармалды. Андан соң, ички иштер органдарынын кызматкерлери чиркөөдөн уурдалган башка мүлктөрдү Түп айылынын аймагынан табышты.

Ууру уурдалган мүлктөрдү кайра келип алып кетүүнү көздөгөндөй болуп чөптөрдүн түбүнө катып койгон.

Азыркы учурда Түп РИИБдин Тергөө кызматы чиркөөдөн уурдоо фактысы боюнча сотко чейинки иликтөөлөрдү жүргүзүп жактат. Болжолдуу маалымат боюнча чиркөөгө он миңдеген чыгым келтирилген.

Уурдалган ар бир китептин баасы 30 миң сомду түзөт.

Бөлүшүү