БУУ журналист Хашоггинин өлүмүнө Сауд Арабиясын күнөөлүү деп тапты

Автор -

БУУнун атайын баяндамачысы Аньес Каламар саудиялык журналист Жамал Хашоггинин өлүмү боюнча иликтөөнүн жыйынтыктарын жарыялады.

Анын айтымында, Түркиянын атайын кызматы Хашогги Сауд Арабиясынын Стамбулдагы элчилигинде өлтүрүлгөн күнү жаздырылып алынган аудио жазуулардын айрымдарын БУУнун эксперттер тобуна берген.

[ads-quote-center cite=’деди Каламар.’]«Бул аудиожазуулар жана башка далилдер Хашоггинин өлүмү Сауд Арабиясындагы айрым жооптуу кызмат адамдарынын алдын-ала даярдалган, мыкаачылык менен ишке ашырылган планы болгонун ырастайт»[/ads-quote-center]

Мындан тышкары БУУ Эр-Риядды Хашоггинин өлүмүн ачык, калыс иликтебегени үчүн да айыптады. Каламардын пикиринде, бул кылмышка Сауд Арабиясынын бийлигин күнөөлүү деп эсептөөгө болот. Ал Эр-Риядды Хашоггинин үй-бүлөсүнөн кечирим суроого жана бул иш боюнча шектүү катары кармалган адамдарды бошотууга чакырды.

Бул баяндама жарыялангандан кийин бир катар өлкөлөр Сауд Арабиясынын бийлигиндеги кызмат адамдарына, анын ичинде ханзаада Мохаммед бин Салманга карата персоналдык санкцияларды киргизиши мүмкүндүгү болжолдонууда.

Жамал Хашогги былтыр октябрда Суад Арабиясынын Стамбулдагы консулдугунда өлтүрүлгөн. Анын сөөгү дале болсо табыла элек. Журналист элчиликтин кабылдамасына кирген бойдон чыккан эмес. Бир нече жумадан кийин саудия бийлиги Хашогги дипломатиялык өкүлчүлүк имаратында өлгөнүн ырастаган. Анда журналист консулдук кызматкерлери менен уруша кетип, кокустан каза болгону айтылган. Эр-Рияд анын өлүмүн уюштурган деген айыптоолорду четке кагып келет.