Чоң-Чүй каналынан белгисиз адамдын сөөгү табылды

Автор -

Ысык-Ата районунда каналдан белгисиз адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 19-июнь күнү саат 10:45 чамасында Кант шаарында Чоң-Чүй каналынан белгисиз адамдын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат “112” кызматына келип түшкөн.

Жерине КР ӨКМнин №27 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, суудан болжол менен 35-40 жаштагы азиат улутундагы эркек кишинин  сөөгүн чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү