Кара-Балта шаарында бычакталып каза болгон эне-баланын сөөгү табылды

Автор -

Чүй облусунун Кара-Балта шаарында бычакталып каза болгон эне-баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жайыл РИИБдин ыкчам тергөө тобу болжол менен 50-55 жаштагы аял кишинин жана 25-30 жаштагы эркек кишинин сөөгү табышкан. Каза болгон жарандар Кара-Балта шаарынын тургундары — 53 жаштагы М.С. аттуу аял жана анын 31 жаштагы уулу М.А. экендиги белгилүү болгон.

Аталган окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Кылмыштын бетин ачуу үчүн Чүй ОИИБдин жана Жайыл РИИБдин тажрыйбалуу кызматкерлеринен ыкчам топ түзүлүп, тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө жана экспертизалар дайындалды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү