Дастанбек Жумабеков: Мен Алмазбек Атамбаевге сөз берген эмесмин (Видео)

Автор -

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков парламенттин ишмердүүлүгү, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы кырдаал жана кыргыз коомунда резонанс жараткан журналисттик иликтөөлөр тууралуу маек курду.

Белгилей кетсек, бүгүн, 20-июнда ЖКда «Экс-президент Алмазбек Атамбаевди макамдан ажыратуу жана ага күнөө коюу жөнүндө” токтом каралат.

Буга чейин, Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча демилге парламентте өткөн аптада көтөрүлүп, комиссия түзүлгөн. Демилгечи топ Атамбаевге тогуз кине койгон.

Комиссия алардын алтоо – бийликти узурпациялады, Кой-Таштагы тамынын жери мыйзамсыз, кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууну уюштурган, акча адалдаган «Ака инвест» компаниясына тиешеси бар, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга аралашкан, Бишкек ЖЭБине көмүр ташыган ишкананын кызыкчылыгын коргогон деген айыптар боюнча Атамбаевден шектенүүгө негиз бар деп чечти.

Атамбаевге коюлуп жаткан кинелерди парламенттин эки комитети тең колдоду

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү