Өлкөдө жумушсуздардын саны 156 миӊ адамды түзөт

Автор -
242

Өлкөдө жумушсуздардын саны 156 миӊ адамды түзөт. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти

2018 — жылы айыл-чарбасынын бюджетинин жана жумушчу күчүнүн интеграцияланган тандалма изилдөөсүнүн маалыматтары боюнча 15 жаш жана андан уулу жаштагы жумушсуздардын  саны 156 миӊ адамды түздү, ал эми жумушсуздуктун деӊгээли – 6,2 пайызды түздү.

Жумушсуздуктун эӊ жогорку деӊгээли Баткен (9,0 пайыз), Нарын (8,8 пайыз), Ысык-Көл (8,4 пайыз), Чүй (7,3 пайыз) облустарында жана Бишкек шаарында (6,6 пайыз) байкалат. Калган облустарда жумушсуздуктун деӊгээли жалпы республика боюнчадагыдан да төмөн. Мында жумушсуздуктун эӊ төмөнкү деӊгээли Талас облусунда экономикалык активдүү калктын 2,5 пайызын жана Ош шаарында 3,0 пайызын түзгөн белгиленген.

    Аймактар боюнча 15 жаш жана андан уулу жаштагы жумушсуз калк

Жумушсуз калк,

миӊ  адам

Жумушсуздуктун деӊгээли,

пайыз менен

Кыргыз Республикасы 156,3 6,2
Баткен облусу 17,7 9,0
Жалал-Абад облусу 23,9 6,2
Ысык-Көл облусу 14,9 8,4
Нарын облусу 8,7 8,8
Ош облусу 24,6 4,2
Талас облусу 2,8 2,5
Чүй облусу 27,5 7,3
Бишкек ш. 32,9 6,6
Ош ш. 3,2 3,0