ЖЭБ чыры: Каныбек Иманалиевдин кол коюлган документтин сүрөтү тарады

Автор -

Интернет желесине Бишкек ЖЭБин жаӊылоого насыя алууну колдоо тууралуу Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин 2013-жылдагы чечиминин сүрөтү тарады. Документке аталган комитеттин ал кездеги төрагасы Каныбек Иманалиевдин колу коюлганын көрүүгө болот. Документте комитет Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоору боюнча насыялык макулдашууну карап, жактырды деп жазылган.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө жылуулук берүү кескин төмөндөп кеткен. Көп өтпөй ЖЭБди 386 миллион долларга жаӊылоо ишинде күмөндүү жагдайлар бар экени ачыкка чыккан. Бул фактылар боюнча бир нече кылмыш иши козголуп, энергетика тармагындагы жооптуу 7 чиновник, экс-премьер-министрлер, мурдагы министр камакка алынган. Алардын арасында экс-премьерлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаев дагы бар. Коомчулукта, убагында насыя алууну колдоп, кийин ал иш-аракетти сындаган эл өкүлдөрнүн жоругун саясий упай топтоо аракети катары баа берип, сындагандар болууда.

Булак: «Супер.инфо» гезити. №868. 2019-жыл.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү