Муктар Джумалиев жаӊы кызматка дайындалды

Автор -

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Джумалиев Муктар Кабылбекович Брюссель шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Европа Бирлигиндеги туруктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Франция Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Кыргыз Республикасынын Нидерланддар Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.

Ошону менен бирге БУУнун Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча уюмундагы (ЮНЕСКО) жана Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмдагы (ХКТУ) Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлү болуп дайындалды.

Бөлүшүү