Ошто 32 жаштагы жигит 4-кабаттан секирди

Автор -

ӨКМдин маалыматына ылайык, 20-июнь күнү саат 23:28 чамасында Курманжан-Датка көчөсүндө жайгашкан №276 үйдүн батирин тургуну 1987-жылы туулган А.А. аттуу жараны 4-кабаттан секирип 1-кабатта жайгашкан «Мой доктор» ооруканасынын чатырына кулап түшүп, бутун кокустатып алган.

КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын  Куткаруу кызматынын куткаруучулары жерине барышып жабыркаган жаранды чатырдан алып түшүшүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Учурда абалы канаатандыраарлык.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү