ШКУ убагында күзөттө турган милиция кызматкери кафени тоноду (Видео)

Автор -
430

Бишкекте ШКУ убагында ВДНХнын жанында күзөттө турган милиция кызматкери кафеден балта уурдаган. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Видеодон милиция кызматкери кафенин ичине кирип, кайра чыгып кетет. Бир топ убакыттан кайра келип, кафеде турган балтаны кийиминин жеӊине салып, алып чыгып кеткен.

Көп өтпөй кафенин кожоюну Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчисине кайрылган. Бирок, жетекчи балта уурдаган майорду чакырып, ага чара колдонунун ордуна кожоюундун арызын көз жаздымда калтырган.