АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга абадан сокку уруу тууралуу буга чейин кабыл алынган чечимди чабуул коюуга аз гана убакыт калганда жокко чыгарды. 20-июнда Иран өлкөнүн түштүгүндөгү Хормозган провинциясында АКШнын учкучсуз учагын атып түшүргөн.
The New York Times гезитинин маалыматына караганда, Кошмо Штаттардын учактары менен кемелери Иранга сокку урууга даяр болуп турганда Ак үйдөн операцияны токтотуу буйругу келген. Макалада АКШ бийлиги эмнеге мындай кадамга барганы жазылган эмес.
Басылманын маалыматына караганда, аба соккулары жума күнү эртен менен жасалышы керек болчу. Анда Ирандын аймагындагы бир нече объект, анын ичинде ракеталык орнотмолор бутага алынмак.
Көп өтпөй Associated Press агенттигинин Пентагондогу өз булактары дагы АКШ Иранга сокку урууга даярданганын, бирок чабуулга бир аз убакыт калганда буйрук жокко чыгарылганын ырастады.
Күн мурун Иран АКШнын учкучсуз учагын атып түшүргөнүн билдирген. Тегеран учак тыңчылык кылганын жана Ирандын аба чек арасын бузганын маалымдаган.
АКШнын Борбордук командачылыгы Тегеран америкалык пилотсуз учакты атып түшүргөнүн ырастап, бирок окуя Ирандын аймагында эмес, Ормуз кысыгында болгонун билдирүүдө.