Чек ара тактоо Кемпир-Абад, Гавасайга келип такалды

Автор -
746

Кыргызстан менен Ѳзбекстан ортосундагы чек арада тактоону талап кылган беш пайыз эле талаштуу тилке калды. Чек ара тилкесин тактоодо тараптар Кемпир-Абад суу сактагычы жана Гавасай аймагы боюнча орток пикир таба албай турат.

Ала-Букадагы ГаваСай аймагында 1950-жылдары 20 миң гектардын айланасындагы жер атайын чечим менен Кыргызстандан Ѳзбекстанга ѳткѳрүлгѳн экен. Бирок кыргыз тарап, ал жерлердин ѳткѳрүлүшү канчалык мыйзамдуу болгон деген суроону коюп келүүдѳ. Экинчи тилке, негизи документтерде Анжиян суу сактагычы деп жүргѳн, Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча.

Суу сактагычты курган мезгилде суу алдында калган аймактарыбыз үчүн Ѳзбекстан бизге жер бере турган болгон. Сол жээк Туркистан тоо кыркасынын ылдый жагынан Сохко чейин канал курмак. Аны менен 100 миң гектар жерди сугаруу жеңилдеп, дагы он миң гектар жаңы сугат жер кошулмак.

Бирок ошол маселелердин кѳбү жасалбай, убакыттын ѳтүшү менен унутта калган. Эми Кыргызстандын жетекчилери ѳлкѳ кызыкчылыгын бекем сакташса экен.

Булак: «Фабула» гезити. 21-июнь, 2019-жыл.