Турсунбеков Жумабековдун короосуна таш ыргытты

Автор -
434
Сүрөт: kenesh.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңеш «башсыз» калганын айтып, Атамбаевдин жакшы жагын алып, жаман жагын унутуу керектигин жар салды.

Экс-спикердин бул сѳзү ортодо фракция лидерлерин кыпчыган менен түз эле тѳрага Дастан Жумабековго багытталды десек болот. Ал эми короосуна ыргытылган ташты Жумабеков түшүнгѳн жокпу, түшүнгѳндѳр шыбырабай койдубу, ак же кѳк деп ооз ачканга жараган жок.

Кѳпчүлүк болсо үн каткандан чочулап, сактанып турат деген Турсунбаевден мындай акыйкат сѳз чыкканына таң калып турушкан чак.

Эми бүдѳмүк, шектүү илинчектери бар айрым бизнестерине (Бишкек Ликер арак заводунун, «Акыл инвест банктын» менчиктештирилиши) чабуул жасалып, айласы кетпесе болгону…

Булак: «Фабула» гезити. 21-июнь, 2019-жыл.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү